Башкы
>
Жаңылыктар

Эл аралык “Авиация жана космонавтика” күнү белгиленди

12.04.2024
66

2024 - жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүндө 12-апрель Эл аралык “Авиация жана космонавтика” күнү белгиленди.

Бул датага карата майрамдык иш-чара уюштурулуп, анда кызматында ийгилик жараткан аскер кызматчылары сыйланып, Борбордук армия үйүнүн концерттик программасы тартууланды.

Мындан тышкары Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары үчүн ачык эшиктер күнү уюштурулуп, Авиация музейинде алгачкы кыргыз учкучтары тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле авиациялык техникалар жана ок атуучу куралдар менен тааныштырылды.