Башкы
>
Жаңылыктар

Исмаилбек Таранчиев жана анын борт-аткычы кенже сержант Алексей Ткачев эскерилди

19.03.2024
204

2024-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы Советтер Союзунун Баатыры кенже лейтенант Исмаилбек Таранчиев жана анын борт-аткычы кенже сержант Алексей Ткачевдун экипажынын жасаган баатырдык эрдигинин 80 жылдыгына арналган митингге катышты.

Бул окуя биздин авиаторлор үчүн салт болуп калды, мында аскер учкучтары Эстон ССРинин Нарва аймагында тапшырманы аткарып жатып, күйүп жаткан самолетун душмандын танктарынын тобун көздөй багыттап, жан аябастык менен эрдик жасаган баатырлардын элесин урматтоо менен эскеришет.